Бишкек шаарынын казысы Садридин ажы Маджитовдун жалпы мусулмандарды Орозо айт майрамы менен куттуктоосу

Ассаламу алейкум урматтуу кыргызстандыктар, урматтуу момун мусулмандар! Мына бүгүн Рамазан айын да жыйынтыктап олтурабыз.  Отуз күн бою ибадат кылып, орозо кармап, Аллахдын ыраазычылыгын издеп келдик. Мындай көрүнүш кудум периштелердин жашоосуна окшоп кетет. Ар бирибиз Рамазан деген устат айдан көптөгөн сабактарды алып, эми аны жашообузда колдонгону аттанып турган кербезибиз.

Рамазан айында жаман айтуудан, ушактан, гыйбаттан жана ар кандай жаман адаттардан арылдык. Мындан ары да бул адаттарыбызды уланталы. Мусулман кишинин ар бир кыймылы ибадат боло турган мүмкүнчүлүгүбүз бар. Аллахтын айткандарын аткарсак басканыбыз, сүйлөгөнүбүз, атүгүл уйкубуз да ибадат болуп эсептелет.

Баарыңыздарды бүгүнкү айт майрамыңыздар менен куттуктайм. Аллах Таала баарыбызды дагы көптөгөн рамазанга жеткирген болсун. Ыйманыңыздар бекем, ибадатыңыздар туруктуу болсун!