Баткен облусунун казысы кыргызстандыктарды Орозо айт майрамы менен куттуктады

Урматтуу мамлекетибиздин жалпы жарандары! Баарыңыздарды 24-май Орозо айт майрамы менен чын ыкласымдан куттуктайм.

Рамазай айында аткарылган жакшы амалдарды, тилектерди жараткан Аллах Таалам кабыл кылсын. Касиеттүү Орозо айт күндөрүнүн урматына Аллах Таала бардык мусулмандарга ыйман, өлкөбүзгө ынтымак жана кубаныч тартууласын. Ылайым элибизде тынчтык, береке орносун. Орозо айт майрамы баарыбызга куттуу болсун!

Баткен облусунун мусулмандар казысы Пазыл ажы Султанмуратов