Ысык-Көл облусунун Казысы Алмазбек Ажы Сагындыков: Орозо айт боордоштукту бекемдеген улуу майрам

Ассаламу алайкум ва рохматуллоохи ва барокаатуху, Урматтуу Мусулман биртуугандар, Мекендештер!

Жалпыңыздарды кирип келген Ыйык орозо айт майрамыңыздар  менен чын жүрөктөн куттуктайм. Аллах Таала ар бир кылган ишиңиздерге берекесин берип, ийгилик жана жардамын насип кылсын. Бүгүн, кылымдардан бери элдин биримдигин бекемдеген, боорукерлигин жана кайрымдуулугун арттырган майрам.
Орозо айт майрамы бир диндин, бир ишенимдин коргонунда бизди бириктирген, дилдерди баш коштурган, боордоштукту бекемдеген улуу майрам.

Пайгамбарыбыз Мухаммад  Алейхис- Саламдын: «Ким Рамазан айында (акыретке) ишеним жана Аллахтан сыйлык үмүт кылып орозо кармаса, анын мурдагы күнөөлөрү кечирилет» деген сөзүнө ылайык, баардык Мусулман биртуугандардын күнөөлөрү кечирилип, кармаган орозолорубузду Жараткан кабыл кылып, бейишке Ар-Райян эшигинен кирүүнү баардыгыбызга насип эткен болсун.

Аллах Таала орозо айттын урматына кандай убада кылган болсо, баардыгыбызга насип кылсын. Элибизде тынчтык, аманчылык болсун.

Дагы бир жолу кирип келген Орозо айт майрамыныздар кут болсун!

Сиздерди терең урматтоо менен куттуктоо жолдоп,

Ысык-Көл облусунун Казысы Алмазбек Ажы Сагындыков.