Чүй казысы Руслан ажы Жумагулов: Мусулмандар жүз көрүшүп бир боло албаса да, алардын жүрөктөрү ар дайым биригип турат


Урматтуу мекендештер, кадырлуу кыргыз элим!

Ыйык Орозо Айт майрамы менен сиздерди жалпы Чүй казыятынын, диний кызматкерлердин жана жеке өзүмдүн атыман чын дилимден куттуктай! Орозо Айт бул — Кудай Таалам Өзү майрам кылып берген Ыйык күн, жалпы мусулмандардын чоң майрамы. Бул майрам канчалаган кылымдардан бери майрамдалып, жалпы элге жагымдуу маанай тартуулап, мусулмандардын айкөлдүгүн, өз ара ынтымагын бекемдеп келет. Башка күндөргө салыштырмалуу бул күнү жакшы каалоо-тилектер айтылып, ак дасторкон жайылып, бири-бирибизге белек берүү менен өткөрөбүз.

Ушул Ыйык күндүн урматына Аллах Таалам бардык момун-мусулмандардын кылган жакшылыктарын эч бир кемчиликсиз кабыл кылып, кармаган орозобуздун, берген садакаларыбыздын соопторун насип этсин! Ушул айда, ушул күндөрдө кандай сабырдуу болуп келсек, мындан ары да сабырыбызга сабыр кошулуп, ата-бабаларыбыздан бери уланып келе жаткан ынтымак-биримдигибиз арта берсин!

Бул жылы тагдырыбызга жазылган экен муруңкудай үймө-үй кыдырып, жаамат-жаамат болуп чогула албай жатабыз. Бирок, мусулмандар жүз көрүшүп бир боло албаса да, алардын жүрөктөрү ар дайым биригип турат. Ошондуктан, учурдагы кырдаалага байланыштуу тартипти сактап, чыныгы мусулмандык сыпаттарыбызды көрсөтөлү.

Элибиз амал болуп, асман жана жерден чыга турган балээлерден саламатта болсун! Дагы бир жолу Ыйык Орозо Айтыңыздар маарек болсун! Аллахтын саламы, рахматы жана берекеси ар дайым коштоп жүрсүн!