Талас облусунун мусулмандар казысы Таалайбек ажы Бапиевдин куттуктоосу

Ассаламу алайкум ва рахматуллохи ва баракатух

Урматтуу мусулман бир туугандар сиздерди орозо айт марамы менен куттуктаймын. Сиздерге кааларым чың ден соолук, узак өмүр, кажыбас кайрат, ар бириңиздердин үй-бүлөңүздөргө ырыскы, кут береке  берсин. Бүгүнкү айт майрамы кыргыз элибизге тынчтыкты, молчулукту, берекени, токчулукту алып келген жылдардан ыроолосун. Аллах Таала баардык мусулман бир туугандарыбызды айттырбай келген апааттан сактасын. Ар бириңиздердин туткан орозоңор кабыл болсун, тилеген тилегиңиздер ой максаттарыңыздарга Аллах Таалам жеткизсин.

Жалпы дүйнө элине 2020-жылы келген чоң сыноо таажывирусунан Алла Таалам колдоп, ушул илдетти жеңип чыгарыбызга толук ишенебиз. Бул үчүн кыргыз элибизде биримдик, ынтымак, сабырдуу болуп “Бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып”, — биргеликте иш алып барсак биз бул илдетти жеңебиз. Аталган илдет бизге Кудай Тааланын сыноосу экенин унутпашыбыз керек. Бул илдетти жалгыз эле пендеге бербей муну жалпы дүйнө жүзүнө берген сыноосу. Эң негизгиси баарыңарга ден соолук, биримдик, ыйман ыраскерчилик каалайбыз!

Ассаламу алайкум варахматуллохи вабаракатух.

Талас облусунун мусулмандар казысы Таалайбек ажы Бапиев