Имамдын жардамчысынан Аалымдар Кеңешинин мүчөсүнө чейин жеткен Ташхужаев Анасхон Жалалиддиновичтин ийгиликтери

Ташхужаев Анасхон Жалалиддинович 1967-жылы Жалал-Абад облусуна караштуу Ала-Бука районунун Сафедбүлан айылында төрөлгөн.

БИЛИМ АЛУУГА БОЛГОН АЛГАЧКЫ КАДАМ:

Алгачкы диний таалимди атасы Жалалиддин ажыдан алып, 1974-жылы орто мектептин босогосун аттаган. Турмушка байланыштуу 2-3-классты Баткен облусунун Исфана шаарында, 4-класстан баштап Ош шаарында окуган. Ошол эле учурда диний сабактарды Андижандагы Адыл каарыдан окуп турган. 1984-жылы орто мектепти аяктагандан кийин 1985-1987-ж.ж Орусиянын Амурский шаарында Советтик армияда кызмат өтөгөн.
1989-жылы Ташкент шаарындагы «Ат-Термизий» мечитинин имамы Яхья каарыдан диний билим алууну улантып, 1991-1994-жылдары Бухара шаарындагы «Мир-Араб» Ислам медресесин ийгиликтүү бүтүргөн. 2010-жылы Ош Юридикалык институтун, андан соң 2017-жылы Токмок шаарындагы «Лукман ал-Хаким» Ислам институтун аяктаган.

ЭМГЕК ЖОЛУ:

Бухарадагы медресени ийгиликтүү аяктаган соң Ош шаарында «Ал Бухарий» борбордук мечитинде имамдын жардамчысы болуп диний ишмердүүлүгүн баштаган.

2007-2010-жылдыры  «Ал Бухарий» борбордук мечитинде баш имам.

2011-жылдан тарта Ош шаарындагы бир нече мечиттерде имам жана башкы имамдык вазийпаны аркалап, жаматка жана элге Ислам дининин баалуулуктары жөнүндө насааттарын айтып келет.
2004-2019 жылдар аралыгында Ош шаардык мусулмандар казысынын орун басары болуп эмгектенген. Ошондой эле Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин II жана IV чакырылышынын мүчөсү болуп шайланган.

Анасхон ажы Ташхужаев Кыргызстанда ондон ашык мечитин курулушуна жана демөөрчү табууга себепчи болгон. Көп жылдардан бери Кыргызстандан барган ажыларыга кызмат кылып келе жатат. Азыркы күндө Аалымдар Кенешинин мүчөсү. Ош шаарындагы «Саидалим кызы Ширманхан» окуу борборунун мүдүрү, имам «Хасан» мечитинин башкы имамы.

Үй-бүлөлүү, 5 баланы атасы.