КМДБ тарабынан Чүйдөгү жардамга муктаж үй-бүлөлөргө 147 мүшөк ун жана «Дарттан сактануу үчүн 10 насаат» аттуу китепче таратылды

Чүй облусуна Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы тарабынан 147 мүшөк ун келип, облустагы муктаж үй-бүлөлөргө таратылды.

Бул ун таратуу иш-чарасы Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максат ажы Токтомушевтин демилгеси менен ишке ашып, ага кайрымдуу жарандар демөөрчүлүк кылышкан.

Ал эми «Дарттан сактануу үчүн 10 насаат» аттуу китепче КМДБ жана Исар кайрымдуулук фонду тарабынан түзүлүп, коронавирусдун алдын алуу максатында «Он насаат» китепчесин таркатуу долбоорунун алкагында уюштурулду.

Чүй казысы Руслан ажы Жумагулов облустагы баш имам хатибтерге тапшырма берип, ар бир райондон жашоо шарты начар, чыныгы муктаж болгон үй-бүлөлөр аныкталган. Натыйжада унду тизмеге жараша баш имам хатибтерге тапшырып, Руслан ажы Жумагулов аманатты өз ээлерине жеткирип берүү тапшырмасын имамдарга берди.

Бул иш-чара алкагында муктаж имамдар да четте калбастан, баш имамдардын сунушу боюнча ар бир райондон чыныгы муктаж имамдарга да ун берилди.

Эске сала кетсек, өзгөчө абал режими жарыяланган учурдун башында КМДБ тарабынан 100 мүшөк ун Чүй облусундагы муктаж имамдар жана медресе мугалимдерине таратылган.