Ош шаардык казыяты тарабынан Көзү азиздер жана дүлөйлөр коомдук фондуна жардам берилди

Ош шаарынын Анар кичи районунда жайгашкан көзү азиздер жана дүлөйлөр коомдук фондуна Ош шаардык мусулмандар казыяты тарабынан 4 мешок ун берилди.

Айта кетсек, буга чейин Ош шаардык мусулмандар казыяты Анар кичи районунда жайгашкан көзү азиздер үчүн көптөгөн жардамдарды уюштуруп келген.

Азыркы оор абалга карабастан казыят колдон келишинче жардам берүүдө.