Борбордук «Имам аль-Бухарий Алай» мечитинде дезинфекция иштери жүргүзүлдү

Ош шаардык мусулмандар казыятына караштуу борбордук » имам аль-Бухарий-Алай» мечитинде ремонт иштери жүргүзүлүп жаткандыгына байланыштуу мечитти толук түрдө дезинфекция иштери да жүргүзүлдү.

«Азыркы учурда мечиттер жабык болгондугуна байланыштуу, мечиттин кээ бир ремонт иштерин бүтүрүп жатабыз. Бул арада мечитти дезинфекциялоо иштерин да өз убагында болуп жатат » — деди Ош шаарынын казысы Убайдулла ажы Сарыбаев.