Талас облусунда 300 дөн ашуун үй – бүлөлөргө азык-түлүктөр тапшырылды

Бишкектен бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясынын демөөрчүлүгү менен Талас облустук мусулмандар казыятынын кызматкерлери Талас облус боюнча 5 тоннага ылайыкталган азык — түлүк баштыгын 300 дөн ашык үй — бүлөгө таратылды.

Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясы буга чейин дагы Талас облусунда ооз ачыруу, курмандык кылуу, мечиттерди куруу жана таза суу чыгарууда сооп иштерин жүргүзүп келишет.

“Жогорудагы бизге келип түшкөн азык түлүктөр облус аймагындагы Талас шаарына, Талас, Бакай Ата жана Манас районунун айыл аймактарына, жардамга муктаж үй-бүлөлүлөргө таратылып берилди”, — деди казынын орун басары Сыдыков Касым ажы.