Бала жылмайса аалам жылмаят! Аравандын баш имам хатиби балдарга белек таратты

Кечээ, 1-июнь күнү Араван районунун баш имам хатиби Алибек ажы Жусуповдун демилгеси менен  15 муктаж жана мүмкүнчүлүгү  чектелген балдарга 32 000 сомдук белектер тапшырылды.

Иш- чара 1-июнь балдарды коргоо күнүнө карата өткөрүлдү.

Мында окуу куралдары, жазгы кийим-кече, оюнчуктуктар жана шириндиктер сатылып алынып, жеринде тапшырылды.

Кайрымдуулуук иш-чарасындагы каражат Араван районунун хатибияты тарабынан каржыланды.

«Жакшылык-соопсуз, жамандык-жоопсуз калбайт. Жаш жеткинчектерди жаш кезинен туура таалим-тарбия берип чоңойтолу. Пайгамбарыбыз (с.а.в) «Эч бир ата өз баласына жакшы тарбиядан артык белек бере албайт» деп айткан. Барыңыздарды балдарыбыздын эртеңки келечеги үчүн туура жана татыктуу тарбия берүүгө чакырамын», — деди Алибек ажы Жусупов.