Манас районунун баш имам хатиби Миржалал ажы Дадабаев өз шакирти Сыдыков Касым ажыга “Ваз 2107” авто унаасын белек кылды

Талас облусуна караштуу  Манас районунун баш  имам хатиби Миржалал ажы Дадабаев  өз шакирти Сыдыков Касым ажыга  “Ваз 2107” авто унаасын  белек кылды.  

Тапшыруу аземинде Анарбек ажы, Сапарбек ажы, Тургуналы ажы жана айылдын тургундары катышышты.

Касым ажы да студент кезинен тартып бүгүнкү күнгө чейин колдоп,   жардамын көрсөтүп келген устаты Миржалал ажыга терең ыраазычылыгын билдирди.

Белек тапшыруу учурунда Миржалал ажы Талас облусунун казыятында кызмат кылган шакирти Сыдыков Касым ажыга, ишине ийгилик, үй-бүлөлүк  бакыт каалап, алган унаасы ак жолтой болушун тилеп, дуба кылды.