Бишкек шаардык казыяты мечиттердин ачылышына даярдык көрүүдө

Бүгүн, 5- июндан тартып борбор калаадагы мечиттердин ачылышына карата кызуу даярдыктар башталды.  Ар бир ибадат үчүн келген жаранга талаптагыдай шарт түзүп берүү максатында санитардык сактык чараларын алдын алуу иштери көрүлүүдө. Бул тууралуу казынын орун басары Эрназар ажы Асатов билдирди.

«Аллах Таала баарыбыздын башыбызды бириктирип жамаат менен намаз окуубузду насип кылып жатат. Өкмөт тарабынан, Муфтият тарабыган коюлган талаптарды жана шарттарды толук аткаруу менен мечиттердин ачылышына кызуу жаярданып жатабыз»,-деди Эрназар ажы.

Эске салсак, Республикалык ыкчам штабтын чечимине ылайык Кыргыз Республикасынын аймагындагы мечиттерге чектөөлөр алынгандыгына байланыштуу 2020-жылдын 8-июнунан баштап мечиттерди жана намазканаларды санитардык сактык чараларын толук сактоо менен бирге ишке киргизип баштайт.

КРнын Саламаттыкты сактоо министрлигинин алгоритмине ылайык, беш убак жамаат намазын, жума  намаздарын өткөрүү максатында мечитке келүүдө жарандар төмөндөгү эрежелерди так аткаруусу талап кылынат:

ТАЛАПТАР:  

  1. Күнүмдүк беш убак намазга жана жумага келүүчү  жарандардын беткап тагынуусу талап кылынат.
  2. Мечиттин айланасына дезинфекциялоочу каражаттарды жана келүүчүлөрдүн дене табын текшерүү иш-чаралары жүргүзүү керек.
  3. Мечитте адамдардын ортосунда 1,5 метрлик аралыкты сактоо зарыл.
  4. Жарандардын кол алышып, кучакташып көрүшүүсүнө тыюу салынат.
  5. Даарат алчуу жайларда аралыкты жана санитардык талаптарды сактоо зарыл.
  6. Жаш балдар, жашы өтүп калган кары-картаңдар жана ооругандар, дене табы көтөрүлүп жаткан жарандардын мечитке келбей туруусу кажет.
  7. Өлкө аймагындагы бардык мечиттерде даярдык жана түшүндүрүү иштерин мечиттердин имамдары жүргүзүүсү милдеттендирилет.

  СУНУШТАР:

  1. Дааратты үйдөн алуу жана сүннөт намаздарды үйдөн окүп келүү.
  2. Мечитке келген жарандар көп убакытка кармалбай, 15-20 минуттун аралыгында чыгып кетүү.
  3.  Жамаат намаздары ачык абада  мечиттин короосунда өткөрүү.
  4. Ар бир адам мечитке келгенде жайнамазын ала келүү.