Жалал-Абад шаардык мэриясында мечиттердин ачылуусуна карата жыйын болуп өттү

Бүгүн, 5-майда Жалал-Абад шаардык мэриясынын кеңешме залында 8-июндан тарта ишке кире турган мечиттердин ачылуусу боюнча жыйын болуп өттү.

Жыйынга Жалал-Абад шаардык хатибиятына караштуу имамдар жана мэрия кызматкерлери, Жалал-Абад шаардык санэпидемиологиялык көзөмөл борборунун адистери катышты.

Жыйында мечиттердин ачылуусу боюнча талап кылынган эрежелерди сактоо маселеси каралып, анда шаардын баш имам хатиби Ордобек ажы Оморбеков буларга токтолду.

“Беш убак намазына келген жарандарды көзөмөлдөө жеңил болгондуктан аны имамдар көзөмөлдөсө болот. Бирок, жума күнү жума намазын окуу үчүн келген адамдарды көзөмөлдөөдө мэрия тарабынан жардам болуусу керек”,-деди шаардын баш имам хатиби  Ордобек ажы Оморбеков.