Баткенде «Дарттан сактануу үчүн 10 насаат» китепчеси баш имам хатибдерге таратылды

Баткенде  таажы ылаңан алдын алууда «Дарттан сактануу үчүн 10 насаат» атту китепче  баш имам хатибдерге таратылды.

Аталган китепче Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы жана «Итар» кайрымдуулук  фонду тарабынан даярдалып, Баткен казыяты жана шаардын-райондун хатибыятарына таратылып берилди.

Китепчеде жугуштуу оорулардын алдын алуу максатында Куран аяттары жана пайгамбарыбыздын айткан насааттары камтылган.

«Баткен облустук казыятына  жалпы 3000 китепче келди. Анын ичинен ар бир хатибиятка 500 даанадан бөлүштүрүлүп берилди»,- деди Баткен казыятынын иш башкарма башчысы Абдусаттар Жакыпов.