Ош облустук казыяты мечиттердин ачылуусуна даярдыктарды көрүүдө

Бүгүн, 5-июнь күнү Ош облусунун мусулмандар казысы Самиди кары Атабаев райондук баш имам хатибтерге облуска караштуу бардык мечиттердин ачылууусуна даярдыктарды көрүүнү милдеттендирди.

Анда облус казысы ар бир ибадат кылуучунун санитардык эпидемиологиялык эрежелерди туура жана так сактоосу үчүн шарт  түзүп берүү боюнча бир канча тапшырмаларды берди. Ошондой эле  шарттардын Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы тарабынан бекитилген талаптарга жооп берүүсү зарыл экенин баса белгиледи.

«Кудайга шүгүр мечиттерибиз 8-июндан тарта ачылганы жатат. Бирок биз санитардык эрежелерди туура жана так сатообуз кажет. Ал үчүн бардык шарттарды даярдап берүүгө аракет кылып жатабыз», — деди Самидин кары Атабаев.

Эске салсак, Республикалык ыкчам штабтын чечимине ылайык Кыргыз Республикасынын аймагындагы мечиттерге чектөөлөр алынгандыгына байланыштуу 2020-жылдын 8-июнунан баштап мечиттерди жана намазканаларды санитардык сактык чараларын толук сактоо менен бирге ишке киргизип баштайт.

КРнын Саламаттыкты сактоо министрлигинин алгоритмине ылайык, беш убак жамаат намазын, жума  намаздарын өткөрүү максатында мечитке келүүдө жарандар төмөндөгү эрежелерди так аткаруусу талап кылынат:

ТАЛАПТАР:  

  1. Күнүмдүк беш убак намазга жана жумага келүүчү  жарандардын беткап тагынуусу талап кылынат.
  2. Мечиттин айланасына дезинфекциялоочу каражаттарды жана келүүчүлөрдүн дене табын текшерүү иш-чаралары жүргүзүү керек.
  3. Мечитте адамдардын ортосунда 1,5 метрлик аралыкты сактоо зарыл.
  4. Жарандардын кол алышып, кучакташып көрүшүүсүнө тыюу салынат.
  5. Даарат алчуу жайларда аралыкты жана санитардык талаптарды сактоо зарыл.
  6. Жаш балдар, жашы өтүп калган кары-картаңдар жана ооругандар, дене табы көтөрүлүп жаткан жарандардын мечитке келбей туруусу кажет.
  7. Өлкө аймагындагы бардык мечиттерде даярдык жана түшүндүрүү иштерин мечиттердин имамдары жүргүзүүсү милдеттендирилет.

  СУНУШТАР:

  1. Дааратты үйдөн алуу жана сүннөт намаздарды үйдөн окүп келүү.
  2. Мечитке келген жарандар көп убакытка кармалбай, 15-20 минуттун аралыгында чыгып кетүү.
  3.  Жамаат намаздары ачык абада  мечиттин короосунда өткөрүү.

      4. Ар бир адам мечитке келгенде жайнамазын ала келүү.