Мечиттердин ачылуусуна карата Ош шаарынын имамдарына түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү


Бүгүн, 6-июнь күнү Ош шаарындагы жалпы имамдар үчүн борбордук «Имам аль-Бухарий-Алай» мечитинде жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн катышуусунда түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Жыйынга Ош шаарынын вице-мэри Нурбек Кадыров, социалдык өнүгүү бөлүмүнүн адиси Алишер Ажибаев, ДИМК ТАБнын башчысы Исакбай Мурзабеков, укук коргоо органдары менен санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун өкүлдөрү катышты.

Жыйында 8-июндан мечиттердин ачылышына карата жана Муфтият тарабынан коюлган талаптар боюнча Ош шаарынын мусулмандар казысы Убайдулла ажы Сарыбаев имамдарга эскертүүлөрдү берди.