Ат-Башы районунда мечиттердин ачылуусуна даярдыктар көрүлүүдө

Нарын облусунун Ат-Башы районундагы мечиттердин баардыгы мечиттердин ачылуусуна карата даярдыктарды көрүүдө. Бул тууралуу Ат-Башы районунун баш имам хатиби Абдулла Тахиров билдирди.

Анын айтымына караганда Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы тарабынан жана Нарын казыятынын тапшырмаларынын алкагында мечиттердин ачылуу үчүн райондогу бардык мечиттерде даярдыктар кызуу көрүлүүдө.

«Муфтияттын жана Нарын казыятынын тапшырмасына ылайык жарандардын мечиттерге келүүсү жана аралыкты сактоо үчүн ленталар тартылууда. Ошондой эле мечиттерди алгач жугушсуздандыруу (дезинфекциялоо) дагы иштери жүрүп жатат. Бул боюнча райондогу мечиттердин имамдарына дагы тапшырмалар берилип, тийишттүү иштер аткарылууда»,-деди баш имам хатиб.