Ак-Талаа району мечиттердин ачылуусуна даярдыктарды көрдү (сүрөт)

Нарын облусунун Ак-Талаа районунда мечиттердин ачылуусуна даярдыктар көрүлдү. Бул тууралуу райондун баш имам хатиби Акылбек Эсеналиев билдирди.

Анын билдиргенине караганда Муфтияттын жана Нарын казыятынын буйруктарынын алкагында райондогу мечиттердин ачылуусуна жана талаптарына ыйлактуу иштер жүргүзүлдү.

«Урматтуу мусулман бир туугандар! Кудай буюрса 8-июндан баштап, Ак-Талаа районун дагы бардык мечиттердин эшиги ачылат. Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин алгоритмине ылайык бардык эрежелер сакталат. Сиз дагы бет кап тагынып, көрсөтүлгөн эрежелерди так сактооңуздарды өтүнөбүз»,- деди баш имам хатиб.