Ат-Башы районунда фитир-садаканын эсебинен жардам баштыктары берилди

Нарын облусунун Ат-Башы районунда Рамазан айында чогултулган садака фитирдин эсебинен жардам баштыктары берилди. Бул тууралуу Ат-Башы районунун баш имам хатиби Абдулла Тахиров маалымдады.

Маалым болгондой, үстүбүздөгү жылдын 5-июнь күнү Рамазан айында чогултулган каражатка 20 үй-бүлөгө жардам баштыктары берилди.

«Рамазан айында чогултулган фитир садаканын эсебинен аз камсыз болгон, муктаж болгон 20 үй-бүлөгө жардам баштыктары берилди. Жардам баштыктарынын ар биринин баасы миң сомдон айланды. Ыйык Рамазан айында садака фитирди берген жарандарга ыраазылык билдиребиз»,- деди Абдулла Тахиров.