Бишкек шаарынын казысы: Шаардагы бардык мечиттер санитардык талаптарды сактоо менен иш алып барат

Бүгүн, 8-июнь күнү Бишкек шаарынын казысы Садридин ажы Маджитов борбор калаадагы бардык мечиттердин ишмердүүлүгүн баштоосуна буйрук берди.

Анын тапшырмасына ылайык, мечиттер Кыргыз Республикасынын өкмөтү жана Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы тарабынан коюлган талаптарды так сактоо менен ишин жандандырат.

Айрыкча мечитке келген ар бир киши бет кап тагынып жана намаз окууга жайнамаздарын ала келүүсү керек. 

«Колдон келишинче элдерге түшүндүрүү иштерин ар бир намазда айтып турмакчыбыз. Бардык момун мусулмандар түшүнүү менен мамиле жасайт деген ишенимдемин. Сабырдуулук менен гана бул абалдан чыгып кете аларыбызга ишенем. Эң башкысы беш убак намаздарыбызды, Жума намазын кайрадан жамаат менен окуу насип болуп турат. Жамаат менен намаз окукп жүрүп, жамааттагы касиетти байкаган ар бир момун мусулман жамаат менен намазды өтө сагынды болуш керек. Бирок толук абал жөнгө салынганга чейин талаптарды так аткарып, сабырдуу болууга чакырып кетем»,- деди Садридин ажы.