«Бакай ата» мечитинин жамааты санитардык талапты сактоого чакырат

Бүгүн, 8- июндан тарта жалпы Республикадагы мечит намазканалардын ачылуусуна уруксат берилди. Мындай күндү көптөн көп күтүп келген Бишкектеги «Бакай ата» мечитинин жамааты толугу менен жамаатты кабыл алууга даяр.

Бардык санитардык нормалардын негизинде мечиттин эшигин 2 айлык тыныгуудан кийин ачып жатат. Негизинен дене табын өлчөөчү аппарат, антисептикалык каражаттарды алып, элдин коопсуздугун, саламаттыгын алдын алууга толугу менен даяр.

 «Буюрса мына бүгүндөн тарта мечитибизге жамаатыбызды күтөбүз. Намаз окууга келгенде үйдөн даарат алып, жайнамазды үйдөн ала келүүсүн жамааттан суранабыз. Мечит үчүн, Аллах Таланын үйү үчүн жан урөп чуркап бардык шарттарды түзүүгө катышкан мусулман бир туугандарыма терең ыраазычылык билдирем»,- деди мечиттин имам хатиби Файзулла ажы Мурзалиев.