Базар –Коргон райондук хатибиятынын кезектеги жыйыны Могол айылда өтүп, айыл имамынын иши «жакшы» деп баалынды

 

SONY DSC

Аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында Жалал-Абад облусунун казысы Абдулазиз кары Закировдун  тапшырмасын ишке ашыруу максатында  Базар-Коргон районунун баш имам хатиби Тынчтыкбек ажы Шаиковдун  иш мерчеминин негизинде айыл өкмөттөр аралык кезектеги  көчмө жыйын Могол айыл өкмөтүнүн жыйындар залында уюштурулуп, ага райхатиб, хатибият кызматкерлери, РИИБ, МУКК кызматкерлери жана тогуз айыл өкмөттүн баш имамдары, жергиликтүү аксакалдар, айыл башчылары катышышты. Жыйындын жүрүшүндө Могол  айыл өкмөтүнүн башчысы Эркин Турдукулов  дин кызматкерлери менен жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тыгыз кызматташып жаткандыгын айтып, аткарыла турган иштер алдыда экендигин баса белгиледи. Ал эми Райхатиб жыйын аймактарды өнүктүрүү, элдин руханий жан дүйнөсүн байытып-өркүндөтүү, Ислам дининин баалуулуктарын жайылтуу, ыйман менен адепти даңазалоо максатында уюштурулганлыгын белгиледи. Жыйындын жүрүшүндө хатибияттын бир жылдык иш чаралары слайд-шоу аркылуу көргөзүлүп, Могол айыл өкмөтүнүн баш имамы  Мундузов Токтосун  2017-жылы жасаган иштери тууралуу маалымат берип, аймактарды өнүктүрүү жылына карата 6 айлык отчетун тапшырды.

Мындан тышкары жыйында жаштар жана аялдар менен иш алып баруу, ар кандай терс диний агымдардын жайылышынын алдын алуу, имамдардын жоопкерчилиги жана өз ара билимин жогорулатуу маселелери да талкууланды. Жыйындын соңунда хатибият тарабынан даярдалган слайд-шоу жана Могол айыл өкмөтүнүн баш имамынын алты айлык отчету жакшы” деп бааланып, жергиликтүү аксакалдар ыраазычылыгын билдиришти.