Ош шаарынан Медина шаарына учкан болочок ажыларды Ош облусунун жана Ош шаарынын казылары жакшы тилек менен узатышты

Бүгүн, 30-июль күнү Ош Эл аралык аэропортунан  Ош-Медина багыты боюнча алгачкы каттам башталып Баткен, Жалал-Абад, Ош облусу жана Ош шаарынан ажылык сапарга катталган талапкерлерди салтанатту узатуу иш чарасы өтүп, ага Ош шаарынын казысы жана  ажылыкты уюштуруу штабынын түштүк аймагы боюнча атайын окүлү Убайдулла ажы Сарыбаев, Ош облусунун казысы Самидин каары Атабаев, болочок ажылар жана ажы башчылар катышты.  Саамалык алкагында Убайдулла ажы Сарыбаев ыйык сапарга алгачкы жолу жөнөп жаткандыкы парз, кийинки баргандары сүннөт боло тургандыгын, ажылык убагында өздөрүнүн ажылык милдеттерин так жана даана аткаруу милдеттүү экендигин эскертти.

Муну менен катар шаар казысы ажылык иштерин уюштурууга шарт түзүп берген мамлекет жетекчилерине, укук коргоо органдарына, Азирети Муфтийге жана КМДБ кызматкерлерине, ажылык штабынын өкүлдөрүнө жана мамлекеттин өнүгүүсүнө дуба кылууга чакырды.