Жалал-Абад шаарындагы бардык мечиттер ачылуунун алдында дезинфекцияланды

Бүгүн, 8-июндан тарта Жалал-Абад шаарындагы диний мекемелер, мечиттер жана намазканалар ачылды.

Ага ылайык бул жайларда ооруунун жайылуу коркунучун алдын алууда, санитардык чаралардын сакталышын текшерүүнүн жана көзөмөлдөөнүн алгоритми түзүлдү.

Мечиттерге келген ар бир жаран беткап тагынуу, кире бериштен келгендердин дене табын өлчөө, социалдык аралыкты сактоо камсыз кылынышы керек. Аны менен бирге мүмкүн болушунча жеке каражаттарын (жайнамаз, теспе сыяктуу) колдонууга тийиш.