Ысык-Көл облусу боюнча бардык мечиттер санитардык сактык чараларын сактоо менен иш алып барууда

Бул туурасында облус казысы Алмазбек ажы Сагындыков билдирип, учурда бардык мечиттер дезинфекциялоодон өтүп, мечиттердин ичи-сыртын тазалоо, иретке келтирүү иштери кызуу жүрүп жаткандыгын баса белгиледи.

“Мечиттерибиздин ачылышы жалпыбызга өтө кубанычтуу. Учурда облус аймагындагы жалпы мечиттерибиз Саламаттыкты сактоо министрлигинин алгоритмине ылайык көрсөтүлгөн талаптарды жана сунуштарды аткаруу зарылдыгы туурасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө”,- деди облус казысы Алмазбек ажы Сагындыков.

Бүгүнкү күндө жергиликтүү медиа каражаттары аркылуу жалпыга жарыя айтылып, ар бир мечиттин кире беришине антисептик каражаты коюлуп, мечитке кирүүнүн тартиптери эскертилди.