Каракол шаары боюнча жалпы мечиттер дезинфекцияланды

Каракол шаарындагы мечиттердин ишке кирүүсү жөнүндө жана мечиттердеги санитардык сактык чараларын сактоодогу сунуш-талаптардын аткарылышы боюнча келген жамаатка түшүндүрүү иштери жүрүүдө. Бул тууралуу калаанын баш имам хатиби Талант ажы Сабриков билдирди.

Анын айтымында, КР саламаттыкты сактоо министрлигинин алгоритмине ылайык келген жамаатка эскертүүлөр берилүүдө.

Каракол шаары боюнча 13 мечит, 7 намазкана бар. Бүгүнкү күндөн тартып мечиттерибиздин ишке кирүүсү менен бирге учурдун талабына ылайык, мечитке келүүчүлөрдүн санитардык-сактык эрежелерин сактоосу туурасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, аракеттер жүрүүдө”,- дейт Талант ажы.

Каракол шаарындагы облустук санэпидемиологиялык борбору менен сүйлөшүлүп, учурда адистердин көрсөтмөсү жана жардамы менен Каракол шаарынын мечиттери дезинфекцияланууда.

Мындан сырткары талап-сунуштар баннерлерге жазылып, мечиттин кире беришинде жууп- тазалоочу каражаттары коюлуп, дезинфекциялоо иши жүргүзүлүүдө.