Балыкчы шаарынын имамдарына бир катар тапшырмалар берилди

Мечиттердин ишке кирүүсү жөнүндө жана мечиттердеги санитардык сактык чараларын сактоодогу сунуш-талаптардын аткарылуусу туурасында Балыкчы шаарынын баш имам хатиби Чойбек ажы Исакунов жергиликтүү имамдар менен жолугушуу уюштурду.

Анда Саламаттыкты сактоо министрлигинин алгоритмине ылайык беш маал жана жума намаздарын өткөрүү максатында мечитке келүүчүлөрдүн эрежелерин сактоодогу талаптарды жана сунуштардын сакталышын көзөмөлдөө зарылдыгын эскертти.

“Бүгүнкү жыйында учурдун талабына ылайык түшүндүрүү иштерин активдүү жүргүзүп, ошондой эле мечитке келген ар бир адамга эрежелердин сакталышын, мечиттердин тазалыгын жууп-тазоолочу каражаттарынын турушу эскертилди”,- деди Чойбек ажы.