Чүй облусунун бардык мечиттеринде санитардык талапты так сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү


Бүгүн, 8-июндан тарта мамлекетибиздеги мечиттердин бардыгы ишмердүүлүгүн жүргүзө баштады. Бул жолу учурдагы кырдаалга байланыштуу мечитке келип, идабат кылуу адаттагыдан бир канча талаптар менен айырмаланат.

Чүй казысы Руслан ажы Жумагулов облустагы имамдардын бардыгына Саламаттыкты сактоо министрлигинин алгоритимине ылайык, Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы тарабынан коюлган талаптарды так аткарууга жана ар бир имам бекем көзөмөл жүргүзүүсүнө буйругун берди.

«Колубуздан келишинче мечитке келгендерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, талаптардын сакталуусун көзөмөлдөйбүз. Мусулман боордошторум түшүнүү менен, дыкат мамиле жасайт деп ишенем. Ар бирибиз бул жашоодо жакшылыкка себеп болууга умтулушубуз керек. Биздин себебибизден кайрадан мечиттер жабылып калбасын. Канча убакыттан бери дуба кылып, чыдамсыздык менен күткөн мечиттерибиз ачылды. Бир аз болсо да мечиттин, жамаат менен окулган намаздардын кадырына жеттик окшойт. Эми муну колдон чыгарбайлы. Жалпы журтчулукка саламаттык, чынчтыкты Аллах Тааладан насип эткен болсун», — деди Чүй казысы Руслан ажы Жумагулов.

Эске сала кетсек, Чүй облусу боюнча 400гө жакын мечиттер ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет.