Ош облустук казыятында мечиттердин коопсуздук эрежелеринин сакталышы боюнча жыйын болуп өттү

Бүгүн, 8-июнь күнү Ош облусунун мусулмандар казыятынын жыйындар залында мечиттердеги сакталуучу коопсуздук эрежелери боюнча жыйын болуп өттү.

Иш-чарага Ош облусунун мусулмандар казысы Самидин каары Атабаев, Дин иштери боюнча мамлекеттиик комиссиясынын түштүк аймагы боюнча бөлүмүнүн башчысы Исакбай Мурзабеков, казыят кызматкерлери жана райондун башкы имам хатибтери катышты.

Иш-чарада Ош облусунун мусулмандар казысы Самидин кары Атабаев мечиттеги сакталуучу санитардык-эпидемологиялык эрежелерине токтолуп, башкы имамдарды бул жаатта алгылуктуу иш алып барууга чакырды:

«Жаратканга шүгүрлөр болсун бүгүндөн тарта мечиттерибиз ачылууда. Учурда  КМДБ тарабынан коюлган санитардык талаптар менен иштеп келүүдөбүз. Облуска караштуу бардык мечиттерде санитардык эрежелерди сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө», — деди Самидин кары Атабев.

Ал эми  Дин иштери боюнча мамлекеттиик комиссиясынын түштүк аймагы боюнча бөлүмүнүн башчысы Исакбай Мурзабеков,  санитардык эрежелерди так жана туура сактоо, ар бир ибадат кылуучу үчүн атайын шарттарды түзүп берүүнү жөнгө салуу учурдун талабы экенин  баса белгиледи.

Эске салсак, Республикалык ыкчам штабтын чечимине ылайык Кыргыз Республикасынын аймагындагы мечиттерге чектөөлөр алынгандыгына байланыштуу 2020-жылдын 8-июнунан баштап мечиттерди жана намазканаларды санитардык сактык чараларын толук сактоо менен бирге ишке киргизип баштайт.

КРнын Саламаттыкты сактоо министрлигинин алгоритмине ылайык, беш убак жамаат намазын, жума  намаздарын өткөрүү максатында мечитке келүүдө жарандар төмөндөгү эрежелерди так аткаруусу талап кылынат:

ТАЛАПТАР:  

  1. Күнүмдүк беш убак намазга жана жумага келүүчү  жарандардын беткап тагынуусу талап кылынат.
  2. Мечиттин айланасына дезинфекциялоочу каражаттарды жана келүүчүлөрдүн дене табын текшерүү иш-чаралары жүргүзүү керек.
  3. Мечитте адамдардын ортосунда 1,5 метрлик аралыкты сактоо зарыл.
  4. Жарандардын кол алышып, кучакташып көрүшүүсүнө тыюу салынат.
  5. Даарат алчуу жайларда аралыкты жана санитардык талаптарды сактоо зарыл.
  6. Жаш балдар, жашы өтүп калган кары-картаңдар жана ооругандар, дене табы көтөрүлүп жаткан жарандардын мечитке келбей туруусу кажет.
  7. Өлкө аймагындагы бардык мечиттерде даярдык жана түшүндүрүү иштерин мечиттердин имамдары жүргүзүүсү милдеттендирилет.

  СУНУШТАР:

  1. Дааратты үйдөн алуу жана сүннөт намаздарды үйдөн окүп келүү.
  2. Мечитке келген жарандар көп убакытка кармалбай, 15-20 минуттун аралыгында чыгып кетүү.
  3.  Жамаат намаздары ачык абада  мечиттин короосунда өткөрүү.
  4. Ар бир адам мечитке келгенде жайнамазын ала келүү.