![](https://muftiyat.kg/wp-content/uploads/2020/06/20200608_122039.jpg)
Учурда өлкөдө кооптонууну жаратып жаткан COVID-19 илдетин алдын алуу максатында КМДБ жана “ИТАР” кайрымдуулук фонду тарабынан даярдалган “Дарттан сактануу үчүн 10 насаат” аттуу китепчеси шаар-райондук хатибияттарга таратылып берилди.
Аталган китепче жугуштуу ооруларды алдын-алуу максатында Куран аяттары жана Пайгамбарыбыздын (с.а.в) насааттары камтылган, жөнөкөйлөштүргөн, эн керектүү колдонмо болуп бермекчи.
«Мечиттердин ишке кириши менен бирге мечитке келүүчүлөргө санитардык, сактык эрежелерин түшүндүрүп, аталган китепче таратылып берилүүдө”,- деди казысы Алмазбек ажы.