Ош облусунун борбордук мечитинде Муфтият көрсөткөн талаптар так сакталды

Бүгүн, 8-июнь күнү Ош облусунун мусулмандар казысы Самидин кары Атабаев облустун борбордук мечитиндеги жергиликтүү жамаатты КМДБ тарабынан көрсөтүлгөн талаптарды так аткарууга чакырды.

Ошондой эле бешим намазы көрсөтүлгөн талаптагыдай окулуп, андан соң жергиликтүү жамаат дароо таркап кетти.

Мында ибадат кылуу үчүн келген ар бир момундун дене табы текшерилип, антисептик кажараттарды колдонушту. Жергиликтүү жамааттардын аралыктары 1,5 метрди түздү.

Облус казысы Самидин кары Атабаев жергиликтүү жамаатты көрсөтүлгөн тарптипти туура жана так аткарууга чакырды.

«Муфтият тарабынан көрсөтүлгөн бардык талаптар аткарылып жатат.  Жараткандын буйругу дагы да санитардык эрежелерди күчөтүү үчүн атайын мечиттерди кыдырууну пландаштырып жатабыз», — деди облус казысы Самидин кары Атабаев.