Жалал-Абадда бекитилген тартиптин негизинде жамаат менен намаз окулду

Бүгүн, 8-июнь күнү, Жалал-Абад облусунун мусулмандар казысы Абдулазиз кары Закиров Жалал-Абад шаарында жайгашкан “Исмаил Ал-Бухарий” борбордук жума мечитинин жамааты менен биргеликте пешим намазын окуду. 

Намаздын алдында 5 минута убакыт  аралыгында келген жамаатка намазга келүүнүн тартиби жана талаптары жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзүлүп, келген жамаатка санитардык талаптарга ылайык бет кап менен мечитке кирүү, бир жарым метр аралыкта сактап намаз окуу керектигин баса белгиледи.

“Жаратканга шүгүрлөр болсун. Мына бүгүн мечиттерибиздин эшиктери ачылып жамаат менен намаз окуп сүйүнүп турабыз. Санитардык эрежелерди сактоо менен биргеликте мечитке келиүү тартиптерин жана талаптарын сактайлы, мечиттерди ушундай сактап калуу биздин колубузда”, – деди облус казысы.