Нарын облусунун аймагында мечиттер ачылды

Нарын облусунун аймагындагы мечиттердин бардыгы санитардык гигиеналык эрежелерди сактоо менен ачылды.

Республикалык ыкчам штабынын чечимине ылайык Кыргыз Республикасынын аймагындагы мечиттерге чектөөлөр алынганына байланыштуу бүгүн 8-июнда Нарын облусундагы мечиттердин бардыгы санитардык сактык чараларын толук сактоо менен ачылды.

Мечиттердин ачылуусуна карата Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы тарабынан берилген буйруктарынын жана Нарын казыяты тарабынан берилген тапшырмалардын алкагында мечиттердин ачылуусуна карата жугушсуздандыруу иштери жүргүзүлүп, даярдыктар көрүлгөн эле.

Облус казысы Мамбетасан Ибраев мечиттерге келген ибадат
кылуучуларга санитардык сактык эрежелерди туура жана так сактоосу үчүн шарт түзүп берүү боюнча бир канча тапшырмаларды имамдарга берди. Ошондой эле Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы тарабынан бекитилген талаптарга жооп берүүсү зарыл экенин баса белгиледи. Мечиттерге келген жарандарга намаз окуп бүткөндөн кийин көпкө кармалбастан эртерээк чыгуу керектигин

«Кудайга шүгүрлөр мечиттерибиз ачылды. Бүгүнкү күндө таажы ылаңы Кыргызстандын аймагында дагы катталып жатканына байланыштуу санитардык сактык чараларын сактоо биздин милдетибиз. Мечиттерге келе турган жарандарга дагы айта кетчү нерсе Саламаттык сактоо министрлигинин талабына жана Муфтияттын берген көрсөтөрүн толук сактап берүүсүн өтүнөт элем»,- деди Мамбетасан Ибраев.

КРнын Саламаттыкты сактоо министрлигинин алгоритмине ылайык, беш убак жамаат намазын, жума намаздарын өткөрүү максатында мечитке келүүдө жарандар төмөндөгү эрежелерди так аткаруусу талап кылынат:

ТАЛАПТАР:

-Күнүмдүк беш убак намазга жана жумага келүүчү жарандардын беткап тагынуусу талап кылынат.
-Мечиттин айланасына дезинфекциялоочу каражаттарды жана келүүчүлөрдүн дене табын текшерүү иш-чаралары жүргүзүү керек.
-Мечитте адамдардын ортосунда 1,5 метрлик аралыкты сактоо зарыл.
-Жарандардын кол алышып, кучакташып көрүшүүсүнө тыюу салынат.
-Даарат алчуу жайларда аралыкты жана санитардык талаптарды сактоо зарыл.
-Жаш балдар, жашы өтүп калган кары-картаңдар жана ооругандар, дене табы көтөрүлүп жаткан жарандардын мечитке келбей туруусу кажет.
-Өлкө аймагындагы бардык мечиттерде даярдык жана түшүндүрүү иштерин мечиттердин имамдары жүргүзүүсү милдеттендирилет.

СУНУШТАР:

1) Дааратты үйдөн алуу жана сүннөт намаздарды үйдөн окүп келүү.
2) Мечитке келген жарандар көп убакытка кармалбай, 15-20 минуттун аралыгында чыгып кетүү.
3)Жамаат намаздары ачык абада мечиттин короосунда өткөрүү.
4) Ар бир адам мечитке келгенде жайнамазын ала келүү.
5) Мечиттерге келген жарандарга намаз окуп бүткөндөн кийин көпкө кармалбастан эртерээк тарап кетүү сунушталат.