Чүй казысы Руслан ажы Жумагулов хатибияттарды кыдырып, мечиттердин даярдыгы менен жеринде тааныша баштады

Чүй облусунун мусулмандар казысы Руслан ажы Жумагулов казыят кызматкерлери менен биргеликте, облустагы хатибияттарды кыдырып, мечиттердин санитардык абалдары менен жеринде таанышып, абалга жараша КМДБ тарабынан коюлган талаптарды жалпы жааматка түшүндүрүү иштерин жүргүзө баштады.

Алгачкылардан болуп Москва районунун хатибиятынын даярдыктары менен жеринде таанышып, Москва районунун баш имам хатиби Искендер ажы Жакеев жана Александровка айыл өкмөтүнүн башчысы Ибрагим Баги менен биргеликте, Александровка айыл өкмөтүнө караштуу жана Садовое айылындагы мечиттердин бардыгын кыдырып, жалпы жааматка түшүндүрүү иштерин жүргүздү.

Иш-чара алкагында Александровка айыл өкмөтү менен сүйлөшүүлөр болуп, Александровка айыл өкмөтүнө караштуу мечиттердин бардыгына, айыл өкмөт тараптан ар бир мечитке дизинфекциялоочу каражаттар жана 100 даана беткап таратылмай болду.

«Көптөн күткөн мечиттерибиз ачылды. Майрамдуу маанайда мечиттерди кыдырып, жалпы жааматты куттуктап, аларга түшүндүрүү иштерин жүргүзө баштадык. Кудайым буюрса жалпы жааттан караганда элдин баары талаптарды так аткарганга даяр экен. Иш-чара алкагында жаамат менен бирге намаз окуп, талаптардын бардыгын иш жүзүндө көрсөтүп бердик. Учурдан пайдаланып мечиттерди дизинфекциялоочу каражат жана беткап менен камсыз кылган Александровка айыл өкмөтүнө ыраазычылыгымды билдирем», — деди Чүй казысы Руслан ажы Жумагулов.