КМДБнын Орусиядагы өкүлчүлүгү “Пайгамбарыбызга болгон сүйүү” аттуу конкурс уюштурду

Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын Россиядагы өкүлчүлүгү тарабынан “Пайгамбарыбызга болгон сүйүү” аттуу конкурс уюштурулду.

Муфтияттын Орусиядагы өкүлү Сүйүнбек ажы Жусубалиев билдиргендей, сынак кыз-келиндер арасында уюштурулуп, аларга сабак берген Гүлбахар устазанын демилгеси менен ишке ашырылды.

Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммед (саллаллааху алайхи ва саллам)дын өмүр баянын жана ага сүйүүсүн баяндаган конкурстун жеңүүчүлөрүнө жана катышуучуларга атайын белектер, китептер таратылып берилди.