Ноокатта мечиттердин ачылышына карата имамдарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Кечээ, 8-июнь күнү Ноокат районунун баш имам хатиби Музаффар ажы Турдубаев районго карашту  айыл өкмөткө жооптуу имамдарына мечиттердин ачылышы боюнча көрсөтүлгөн талаптар менен сунуштар боюнча түшүндүрмөлөрдү берди.

Анда ибадат кылуучу ар бир жаран үчүн санитардык талапка жооп бере алган шарттарды түзүп маселеси каралып, КМДБ тарабынан көрсөтүлгөн эрежелер боюнча тапшырмалар берилди. Ошондой эле мечиттерди алгач дезинфекциялоону милдеттендирди.

«Аллага чексиз шүгүрлөр болсун беш убакыт намаз менен жума намаздарын жамаат менен окуй алган күндөр да келүүдө. Буюрса бүгүндөн тарта мечиттерибиз ачылат. Имамдарыбыз бул жатта даярдыктарды көрүүдө», — деди Музаффар ажы Турдубаев. 

ТАЛАПТАР:  

  1. Күнүмдүк беш убак намазга жана жумага келүүчү  жарандардын беткап тагынуусу талап кылынат.
  2. Мечиттин айланасына дезинфекциялоочу каражаттарды жана келүүчүлөрдүн дене табын текшерүү иш-чаралары жүргүзүү керек.
  3. Мечитте адамдардын ортосунда 1,5 метрлик аралыкты сактоо зарыл.
  4. Жарандардын кол алышып, кучакташып көрүшүүсүнө тыюу салынат.
  5. Даарат алчуу жайларда аралыкты жана санитардык талаптарды сактоо зарыл.
  6. Жаш балдар, жашы өтүп калган кары-картаңдар жана ооругандар, дене табы көтөрүлүп жаткан жарандардын мечитке келбей туруусу кажет.
  7. Өлкө аймагындагы бардык мечиттерде даярдык жана түшүндүрүү иштерин мечиттердин имамдары жүргүзүүсү милдеттендирилет.

  СУНУШТАР:

  1. Дааратты үйдөн алуу жана сүннөт намаздарды үйдөн окүп келүү.
  2. Мечитке келген жарандар көп убакытка кармалбай, 15-20 минуттун аралыгында чыгып кетүү.
  3.  Жамаат намаздары ачык абада  мечиттин короосунда өткөрүү.
  4. Ар бир адам мечитке келгенде жайнамазын ала келүү.