Кызыл-Кыяда мечиттер санитардык талаптарды аткаруу менен ишмердүүлүгүн жүргүзүүдө

2020-жылдын 8-июнунан баштап мечиттер жана намазканалар санитардык сактык чараларын толук сактоо менен ишке кирди. Баткен облусунун казысы Пазыл ажы Султанмуратов тапшырмасын ишке ашыруу максатында Кызыл-Кыя шаарында ыкчам иштер аткарылып, жарандар санитардык талаптарды аткаруу менен мечиттерде ибаадаттарды аткарууда.

«Кызыл-Кыя шаарындагы бардык мечиттерге тапшырма бердик. Маалымат каражартары аркылуу жана атайын  имамдарга жыйын өткөрүп, түшүндүрүү иштерин аткарып жатабыз. Мечиттин кире беришинде эскертүү тактайлары орнотулду. Мечиттерде дезинфекциялоо, аралыкты сактоо каражаттары камсыздалган»,-деди Кызыл-Кыя шаарынын баш имам хатиби Мукадас ажы Кожониязов.

Белгилей кетсек, Кызыл-Кыя шаарында жалпы 24 мечит бар, алардын баарына тиешлеүү тапшырмалар берилип, аны аткарбагандар жоопкерчиликке тартыларын эскертилген.