Балыкчы шаарындагы мечиттер дезинфекциялоодон өткөрүлдү

Коомчулукта кооптонуу жаратып жаткан коронавирус илдетин алдын-алуу максатында жана Саламаттыкты сактоо министрлигинин алгоритмине ылайык, Балыкчы шаарынын баш имам хатиби Чойбек ажы Исакунов шаар мечит жана намазканаларын кыдырып чыкты.

Анын айтымында, шаардык мечиттер дээрлик баардыгы дезинфекциялоодон өтүп, андагы санитардык-сактык эрежелерин так сакталууда.