Баткен облусунун казысы аймактагы мечиттерге санитардык талаптарга сактоо боюнча бир катар тапшырмалар берди

Бүгүн, 9-июнда Баткен облусунун казысы Пазыл ажы Султанмуратов казыят жана Баткен шаарынын имамдарына жыйын өткөрүп, анда мечиттерге санитардык талаптарга  сактоо, жума намазын уюштуруу боюнча төмөнкүдөй  талап жана сунуштарды аткаруу тапшырмасын берди.

ТАЛАПТАР:  

  1. Күнүмдүк беш убак намазга жана жумага келүүчү  жарандардын беткап тагынуусу талап кылынат.
  2. Мечиттин айланасына дезинфекциялоочу каражаттарды жана келүүчүлөрдүн дене табын текшерүү иш-чаралары жүргүзүү керек.
  3. Мечитте адамдардын ортосунда 1,5 метрлик аралыкты сактоо зарыл.
  4. Жарандардын кол алышып, кучакташып көрүшүүсүнө тыюу салынат.
  5. Даарат алчуу жайларда аралыкты жана санитардык талаптарды сактоо зарыл.
  6. Жаш балдар, жашы өтүп калган кары-картаңдар жана ооругандар, дене табы көтөрүлүп жаткан жарандардын мечитке келбей туруусу кажет.
  7. Өлкө аймагындагы бардык мечиттерде даярдык жана түшүндүрүү иштерин мечиттердин имамдары жүргүзүүсү милдеттендирилет.

  СУНУШТАР:

  1. Дааратты үйдөн алуу жана сүннөт намаздарды үйдөн окүп келүү.
  2. Мечитке келген жарандар көп убакытка кармалбай, 15-20 минуттун аралыгында чыгып кетүү.
  3.  Жамаат намаздары ачык абада  мечиттин короосунда өткөрүү.
  4. Ар бир адам мечитке келгенде жайнамазын ала келүү.