Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев Баткен облусунун мурдагы казысы Юусуп ажы Балтабаевдин көз жумгандыгына байланыштуу көңүл айтты.

Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев Баткен облусунун мурдагы казысы Юусуп ажы Балтабаевдин көз жумгандыгына байланыштуу көңүл айтты.

Юусуп ажы Балтабаевдин бул ааламдан өткөндүгүнө байланыштуу анын үй-бүлөсүнө, жакындарына чын көңүлүмдөн көңүл айтамын. Бул оор кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдык. “Ар бир жан өлүм даамын татат…” (Куран, Аль-Анбийа, 35) . “Чындыгында, биз Аллахка таандыкпыз жана Ага кайтуучубуз” (Аль-Бакара, 156).  

Юусуп ажы, 2012-2015-жылдар аралыгында Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын Баткен облусундагы казысы болуп үзүрлүү эмгектенип, динибиздин асыл баалуулуктарын коомчулукка жеткирүүдө, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен тыгыз кызматташып, жаштардын туура жолго түшүүсүнө абдан чоң салым кошкон. Эмгек бааланып, жакшы иштер сөзсүз түрдө айтылыш керек.

Бир мусулмандын үй-бүлөсүндөгү аза, бүткүл мусулмандарды да кайгыга салат эмеспи. Сабыр кылыңыздар! Кайгыңарды тең бөлүшөбүз. Маркум Юусуп ажыны Жараткан  Алла Таала Өз ырайымына алып, Жаннаттын төрүнөн орун насип кылуусун Алла Тааладан  тилеймин.

Терең кайгыруу менен көңүл айткан,

Кыргызстан мусулмандарынын  Азирети Муфтийи  Максатбек ажы Токтомушев

  • Балтабаев Юсуп Анарбаевич 1969-жылы 5-январда Баткен районунун Таш-Тумшук айылында төрөлгөн.
  • Египет мамлекетиндеги Аль-Азхар университетинде билим алган.
  • 2012-2015-жылдары Баткен облусунун казысы болуп эмгектенген.