Баткен облусунун казысынын орун басары Нурдин ажы Мамасабиров Кыштут айыл өкмөтүнүн ардак грамотасы менен сыйланды

Аталган сыйлык Нурдин ажы Мамасабировго Баткен районунун Кыштут айыл өкмөтү тарабынан айылдын инфраструктурасын өнүктүрүүгө жана кайрымдуулук иштерин аткарууда кошкон салымы үчүн ыйгарылды.

Белгилей кетсек, Нурдин ажы Мамасабировдун демилгеси менен  Баткен районунун Кыштут айылындагы мектепти 20 жыл мурда аяктагандар жардамга муктаж үй-бүлөгө жаңы үй куруп беришти.

Нурдин ажынын айтымында 20 жылдыктар ден соолугунун айынан үй курууга муктаж болуп келе жаткан классташы Келдибек Матисаевге үй куруп берүүнү чечишкен. Үй-бүлө буга чейин эски үйдө баш калкалап келген. 4 бөлмөлүү жаңы үйдү курууга чет жакта иштеген адамдар жардам берип, жалпы 500 миң сомго жакын каражат тапшырылды.

«Үйдүн курулушу 2019-жылдын 23-июнунда башталган. Имараттын узундугу 12 метр, туурасы 8 метрди түзөт. Үйдүн курулушуна салым кошкондорго ыраазычылык айтабыз», — дейт Нурдин ажы Мамасабиров.