Баткен районунун мечит имамдарына мечитерде санитардык талапты так сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Бүгүн, 9-июндан Баткен районунун баш имам хатиби Муса ажы Жолдошов аймактагы мечит имамдарына жыйын өтуөрдү.

Баткен облусунун казысынын орун басары Нурдин ажы Мамасабиров жана Баткен районунун мечит имамдары катышкан жыйында учурдагы кырдаалга байланыштуу мечитке келүүнүн тартиби жана талаптары боюнча түшүндүрмө берди.

Ошондой эле  имамдардын бардыгына Саламаттыкты сактоо министрлигинин алгоритимине ылайык, Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы тарабынан коюлган талаптарды так аткарууга жана ар бир имам бекем көзөмөл жүргүзүүсүнө тапшырмасын берди.