Базар-Коргондо мечитке кирүүдөгү санитардык талапты сактоо боюнча жыйын болду

Бүгүн, 9-июнда Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районунун борбордук «Актайлак ата» жума мечитинде жайгашкан хатибиятында райондун баш имам хатиби Тынчтыкбек ажы  Шаиков айыл аймактардын баш имамдарына жыйын өткөрдү.

Жыйындын жүрүшүндө баш имамдарга жума окулуучу мечиттерди ишке киргизүү жана жума намазын уюштуруу боюнча боюнча Муфтияттан, казыяттан келген буйруктарды, мечиттерде санитардык талаптарга ылайык иш алып баруу талаптарды, сунуштарды түшүндүрүп өттү.

Мечиттин айланасын дезинфекциялоо жана келген жарандардын дене табын текшерүү иш чараларын жүргүзүү зарылдыгын белгиледи.