Ак-Талаа райондук хатибияты коргонуучу каражаттарды тапшырды

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун хатибияты таажы ылаңына карата коргонуучу каражаттары райондук администрацияга тапшырды. Бул тууралуу Ак-Талаа районунун имам хатиби Акылбек Эсеналиев билдирди.

Анын айтымында, кыйын кырдаалда кол сунган жарандарыбыздын катары күндөн-күнгө көбөйүп жатканына байланыштуу Ак-Талаа хатибияты, жамааты менен биргеликте коргонуучу кийимдерди, кол кап, бет кап, антисептик жана дары-дармектерди, Ак-Талаа райондук администрациясына өткөрүп берди.

Бул каражаттар өзгөчө кырдаал учурунда иштеп жаткан дарыгерлерге, милиция кызматкерлерине, санэпидемстанцияга, санитардык карантиндик постторго тартылып берилмекчи.