Сүлүктүдө облус казысы санитардык эрежелердин сакталышы боюнча жыйын өткөрдү

Бүгүн, 10-июнь күнү  Баткен облусунун мусулмандар казысы Пазыл ажы Султанмуратов Исфана шаарына иш сапары менен барып, имамдарга  мечиттердеги сакталуучу санитардык эрежелери боюнча жыйын өткөрдү.

Иш-чарага шаар-райондун баш имам хатибтери жана имамдар катышкан жыйында облус казысы мечиттеги сакталуучу санитардык-эпидемологиялык эрежелерине токтолуп, башкы имамдарды бул жаатта алгылуктуу иш алып барууга чакырды.

Ошондой эле жыйында санитардык эрежелерди так жана туура сактоо, ар бир ибадат кылуучу үчүн атайын шарттарды түзүп берүүнү жөнгө салуу учурдун талабы экенин баса белгиледи.

Белгилей кетсек, Республикалык ыкчам штабтын чечимине ылайык Кыргыз Республикасынын аймагындагы мечиттерге чектөөлөр алынгандыгына байланыштуу 2020-жылдын 8-июнунан баштап мечиттерди жана намазканаларды санитардык сактык чараларын толук сактоо менен бирге ишке киргизген.