Абдирашит ажы Батыров: Өткөндөр баркталбаса, тирүүлөр данкталбайт

Кечээ, 10-июнь күнү Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунда 2010 — жылы июнь коогалаңында курман болгон мекендештерибиз эскерилип, алардын урматына Куран окулду.

Иш-чарага Кара-Суу районунун акими Тилекбек Матраимов, Кара-Суу районунун Баш имам хатиби Абдирашит ажы Батыров, райондун ички иштер бөлүмүнүн башчысы Арабидин Акунбеков жана милиция кызматкерлери катышты.

Иш-чара соңунда Абдирашит ажы батыров Куран окуп, сообун июнь окуясында кайтыш болгондордун рухтарына багыштап, Жараткандан элибизге тынчтык амандыгын, биримдигин тилеп бата кылды.

«Албетте момун -мусулмандар улуту, уруусу кандай болбосун жана жашаган жери кайсыл жер болбосун — бир тууган. Бул жөнүндө Аллах Таала Хужурат сүрөсүнүн 10-аятында: «Чынында, (бардык) момундар- бир туугандар! Ошондуктан силер бир тууганыңардын арасын оңдогула! Аллахтын ырайымына ээ болуу үчүн Андан (Аллахтан) корккула!» деп айткан. Аллах таалам элибизге ынтымак, ыйман жана достук берсин», — деди Абдирашит ажы Батыров.