Талас облусунда жардамга муктаж үй-бүлөлөргө КМДБ тарабынан ун таратылды

Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгы тарабынан Талас облустук казыятына 41 мүшөк ун келип түштү. Ал Талас облусундагы тизмеде турган жардамга муктаж жарандарга таратылып берилди.

Айрым үй – бүлөлөрдө  тамак-аш жетишсиздиги болуп жатканы маалым. Мындан улам казыят мүмкүнчүлүгүнө жараша кол кабыш кылууда.

“Бизге түшкөн арыз каттарды тегиз карап баарына жеткирүүгө аракет жасап жатабыз. Учурдан пайдаланып Талас облустук казыяты Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгына терең ыраазычылык билдиребиз. Эскерте кетсек, бул жолку экинчи жолу Талас облусуна жардам берүлүүдө”, – деди Талас облусунун казынын орун басары Сагынбаев Медер ажы.