Жалал-Абад облусунун казысы имамдарды мечитке келүүнүн эрежелерин, талаптарын калкка түшүндүрүүгө чакырды

Кечээ, 10-июнь күнү Жалал-Абад облустук казыятынын мечитинде облусдун казысы Абдулазиз кары Закиров имамдарга жыйын өткөрдү.  

Жыйынга Сузак районуна караштуу айыл аймак имамдары жана Жалал-Абад шаарынын имамдары катышты.

Жыйында  намазга келүүнүн  эрежелерин, талаптарын так сактап келерки окула турган жума намазын өткөрүү маселеси каралды. Имамдарга  мечитке келген жамаатка сылык мамиле менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүп,  белгиленген убакытты сактоо, антисептикалык каражаттарды колдонуу милдеттендирилди.

“Калкка сылык мамиле менен түшүндүрүп, мечитке кирген адамдардын аралыгын 1,5 метр сактап эртеңки жума намазыбызды талаптагыдай өткөрөлү. Мечиттерибиздин ачык боюнча калуусу өзүбүздүн колубузда”,- деди облус казысы.