Чүй облусунда карантинден кийинки жума намазы бардык талаптарды сактоо менен окулду

Бүгүн, 12-төрт жума күнү мамлекетибиздеги мечиттерде, карантинден кийинки алгачкы жума намазы окулду. 8-июндан тарта мечиттердин ишмердүүлүгүнө уруксат берилген.

Чүй облусу боюнча дээрлик жума намазы окулуучу мечиттердин бардыгында бекитилген талаптар так аткарылып, жума намазы жогорку деңгээлдеги көзөмөл менен окулду.

Тактап айтсак, ар бир жаран бет кап тагынып, өздүк жайнамаздар менен мечитке кирүүдөн алдын атайын дене табы өлчөнүп, 1.5 метр аралык сакталды.

«Талаптарда көрсөтүлгөн санитардык каражаттар  менен камсыз кылган жергиликтүү санэпидемстанция кызматкерлерине, ибадат кылуу үчүн келген жааматка түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн имамдарга жана өз ыктыярлары менен бардык иш-арекеттерге көмөк көрсөткөн ыктыярчыларга  ыраазычылыгыбызды билдиребиз», — Чүй казыятынын маалымат бөлүмү.

Эске сала кетсек, Чүй облусу боюнча 10 хатибиятка бөлүнгөн 400гө жакын мечиттер ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет.